Теорема

Википедия дан

Назардама (Теорема) (грекче theroreo – карайм) – чын экенинин далилдөө жолу менен көрсөтүлүүчү ар кандай математикалык (аксиома менен аныктамадан башка) туюнтма. Теорема «эгер ... болсо, анда» деген шарттуу сөздөрдүн жардамында, А=>В схемасынын түзүлүшү мүмкүндүк Теорема эки бөлүктөн турат. 1) шарты – теоремада эмне берилгени; 2) корутундусу – эмнени далилдөө керектиги көрсөтүлөт. Теореманын шартын корутунду менен, корутундусун шарты менен алмаштыруудан берилген (түз) теоремага тескери теорема (В=>А) алынат. Булар өз ара тескери Теоремалар. Эгер түз жана тескери Теореманын шартына да, корутундусуна да «эмес» деп тануу киргизилсе, тиешелүү түрдө түз Теоремага карама-каршы В => A Теорема алынат.Теорема түшүнүгү математика илиминде математикалык далилдөө түшүнүгү менен бирдикте өстү жана такталды. Мурунку далилденген Теоремалардын негизинде кийинки Теоремалар далилденет. Теорема түшүнүгүнүн такталышы матем. теорияда бир катар керектүү жыйынтыктарды алууга мүмкүндүк берди. Айрым алганда математиканын негизги бөлүмдөрүндө аксиомалык теория түзүлдү.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]