Теософия

Википедия дан
Эл аралык Теософиялык коомунун Эмблемасы.
Эмблемадагы жазуу: «Чындыктан ашкан дин жок!»

Теософия (грек сөзүнөн theos – кудай жана sophia – акылмандык, билим) (сөзмө-сөз – кудай таануу)

  • Кудайдын өзгөчө сырларын ачууга атаандашкан бардык мистикалык окуулар.
  • Буддизмдин мистикасын башка чыгыш окуулары менен бириктирүүгө аракеттенген

Е. П. Блаваттын мистикалык доктринасы жана анын жолдоочулары. Кээде теология менен дал келүүчү түшүнүк (мисалы, “Ареопагатиках”). 1857-жылы Нью-Йоркто Е. П. Блаватская тарабынан теософиялык коом негизделген (1831–91). 1913-жылга чейин бул коомдун активдүү өкүлү болуп антропософиянын түзүүчүсү Р. Штейнер болгон. Коомдун максаттары жана Блаватскаянын өзүнүн идеялары анын “Сырдуу доктрина” (1888), “Теософияга ачкыч” (1889) ж. б. эмгектеринде баяндалган.

Ошондой эле Блатавскаянын Теософиялык китебинде өз максатын тстыктап бере алды: "Жаратылыш кокусунан атомго окшош эмес", жана анын мыйзамдуу орду аалам схемасында экендигин адам баласына көрсөттү. Бардык диндердин өзөгү болгон архаикалык чындыктардын бузулуп кетүүсүнөн сактай алды. Жаратылыш сырлары азыркы мезгилдегидей илимде изилдөөгө мүмкүн болбогон учурда эле бир канча деңгээлде анын негизги бүтүндүгүн ачып бере алды.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз адабияты: энциклопедиялык окуу куралы. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, - Б.: 2004