Тергөө

Википедия дан

Тергөө – кылмыш-жаза процессинде далилдөөнүн предметине кирген жагдайларды айкындоо үчүн зарыл жана жеткиликтүү далилдерди жыйноо жана текшерүү. Т.– жалпылоочу түшүнүк, анда төмөндөгүлөр камтылат: алдынала Т. – кылмыш-жаза-процесстик кылмыш-жаза иши козголгондон кийинки өзалдынча баскычы; соттук Т. – биринчи баскычтагы соттогу соттук иликтөөнүн курамдык бөлүгү. Соттук тергөөнүн жүрүшүндө соттолуучунун, жабырлануучунун жактоочусунун жана мыйзамдуу өкүлүнүн, жарандык доогердин жана жарандык жоопкердин (алардын өкүлдөрүнүн) катышуусу менен өткөрүлгөн сот жыйынында сот иши боюнча далилдерди тикелей иликтөөнү ишке ашырат. Мында алдынала Т-дө (алгачтергөөдө) чогултулган далилдерди текшерүү, жаңы далилдерди жыйноо жана текшерүү жүргүзүлөт. Соттук Т-нүн алкагы айыптоо корутундусу менен аныкталат. Өкүмдүн (аныктаманын) негизин соттук тергөөдө иликтенген далилдер гана түзө алат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]