Теректи гранит кени

Википедия дан

Теректи гранит кени Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда, Сары-Жаз суусунун оң капталында, Эңилчек кыштагынан 1 км, деңиз деңгээлинен 2650 м бийиктикте. 1979-ж. Сары-Жаз геол. экспедициясы чалгындаган. Кен аянтын ортоңку Таш-Көмүр мезгилинде пайда болгон гранит массиви түзөт. Гранит жаракалуу, ачык кызыл жана кочкул кызыл өңдө, текши бүртүктүү. Физикалык-механикалык касиеттери: орточо тыгыздыгы 2,58–2,64 г/см3, көзөнөктүүлүгү 0,76–3,39%, суу сиңирүүсү 0,21–1,08%, үстүнөн басылгандагы бектигинин чеги кургак абалда 97–145 МПа, жешилүүсү 0,50 – 0,67 г/см3, сокконго каршылыгы 7,9–15,9 км/см. Гранитти чөкмө таш катары колдонууга болот. Запасы В категориясы боюнча 2779,5 миң м3, С1–8627,5 миң м3, В+С1–11407 миң м3.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]