Терек, Кара-Кулжа району
Jump to navigation
Jump to search
Терек, Кара-Кулжа району – Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы кыштак. Кызыл-Жар айыл аймагына караштуу. Терек суусунун оң өйүзүндө, деңиз деңгээлинен 2100 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Кара-Кулжа кыштагынан 100 км чыгыш тарапта. Кара-Суу темир жол бекетинен 187 км. Калкы 1357 (2012); негизинен мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, бала бакча бар. Соода жайлары иштейт.
Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117-9