Терек-Даван ашуусу
Терек-Даван ашуусу — Алай кырка тоосунун чыгышында, Терек-Суусунун башында. Бийиктиги 4135 м. Девондун метаморфизмделген тектеринен турат. Түндүк капталы (тескейи) тигирээк, катаал, кар-муздуу, көчкү жүрөт; күнгөйү тайпагыраак, корум, шагыл таштуу. Фергана менен Кашкарды байланыштырган белгилүү ашуу. Жолунун татаалдыгына карабастан, чукул болгондуктан кербенчилер Терек-Даван ашуусу аркылуу көбүрөөк ашкан. Ферганадан Индияны көздөй жөнөгөн орус саякатчысы Ф. Ефремов аны 1780-ж. ашып өткөн.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117-9