Терек-Чаты, Ак-Талаа району

Википедия дан

Терек-Чаты, Ак-Талаа району, Үгүт – Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы кыштак. Терек айыл аймагына караштуу. Нарын – Макмал, Нарын – Баетов автомобиль жолунун боюнда, деңиз деңгээлинен 2072 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Баетов кыштагынан 20 км түштүк-батыш тарапта. Балыкчы темир жол бекетинен 280 км. Калкы 1163 (2011); негизинен мал асырап, тоют даярдайт. Орто мектеп, китепкана, клуб бар. Соода жайлары иштейт. Кыштакта Социалисттик Эмгектин Баатыры Б. Мүсуралиева туулган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]