Терек оюну

Википедия дан

Терек оюну. Кыргыздын элдик оюну. Оюн тегиз жерде, мектептин спорт залында ойнолот. Оюнга 6 – 7 жаштагы 20 – 30 оюнчу жашына жараша топтолушуп катышат. Оюнду алып баруу үчүн оюнчулар өздөрүнөн оюнга калыс шайлашат. 6 – 9 жаштагылардын оюнуна тарбиячы же мугалим жетекчилик кылат. Калыс бир оюнчуну “ терек ” деп дайындайт. КАлган оюнчуларды айлана кылып тургузат. Калыс өзү оюнчуларга терек деп угуза айтат. Оюнчулар болсо калыс “ терек ” дегенге чейин эле баш ийкөө, жаңсоо, көз ымдоо ж.б. жолдор менен турган оюндарын алмашуу үчүн өз ара келишип алышат да, калыстын “ терек ” деген үнүн угары менен орундарын тез алмашышат. Оюнчу өзүнүн жанындагы оюнчу менен орун алмашууга болбойт. Оюнчулар орун алмашканда орун алмаша албай калган оюнчу терек болот. Калыс оюнду андан ары улантат. Биринчи терек болгон оюнчу оюнчулардын катарына кошулат. Оюндун акырында кайсы оюнчу бир жолу да терек болбосо ошол оюнчу жеңет.
Маалымат булагы: Токторбаев С. “ Өспүрүмдөр оюндары .”