Термелүү контуру

Википедия дан

Термелүү контуру – индуктивдүүлүк катушкасы жана конденсатордон турган электр чынжыры. Термелүү контурунда электр термелүүсү пайда болот жана анын мезгили Томсон формуласы менен аныкталат: 2n-JbC . Мында, С - конденсатордун сыйымдуулугу, L - катушканын индуктивдүүлүгү. Термелүү контуру сызыктуу жана сызыктуу эмес болуп бөлүнөт Термелүү контуру – электр осциллятору, радиотехникалык системалардын негизги элементтеринин бири. Өзгөчө 50 кГц-300 МГц жыштык диапазонунда радиотехникалык түзүлүштөрдүн резонанстык системасы катары колдонулат. Кыйла жогорку жыштыктарда Термелүү контурунун милдетин эки зымдуу жана коаксиалдык берүү линиясынын кесиндиси, ошондой эле көлөмдүк резонатор жана ачык резонатор аткарат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]