Терме-санат ырлар

Википедия дан

Терме-санат ырлар - адамдардын кулк-мүнөзү, үй-бүлөлүк, коомдук мамилелери, турмушка, дүйнөгө көз караштары, күндөлүк турмуш тажрыйбадан чыккан философиялык жыйынтыктары жөнүндөгү поэтикалык чыгармалар.

Терме-санат ырлар көбүнчө таалим-тарбия берүү максатын көздөгөндүктөн дидактикалык адабияттын бир түрүн түзөт. Терме-санат ырлар санат же насыят ырлары деп да аталат. Терме-санат ырлар мааниси жагынан макалдарга өтө жакындап, турмуштук маанилүү чоң окуялар да саналып айтылат.

кыргызда Терме-санат ырлар -ынтымакты үлгүлөрү Токтогул, Варны, Алымкул, Калык өңдүү акындар тарабынан чыгарылган. Терме-санат ырларында образдуу параллелизм, анафора, эпифора, ассонанс, аллитерация сыяктуу поэтикалык каражаттар пайдаланылат.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.