Терминал

Википедия дан

(Terminal - Терминал). Компьютер менен колдонуучу ортосунда берилиштерди алмашууда колдонулган монитор жана баскычтоп тактасынан турган түзүлүш. Терминалдар төмөндөгү үч түргө бөлүнүшөт: (1) киргизгич-чыгаргыч терминалдар, (2) интеллектуалдык терминалдар, (3) атайын багыттагы терминалдар. Киргизгич-чыгаргыч терминалдар баскычтоп тактасы жана экрандан турат, өзү туташтырылган компьютерден берилиштерди алуу жана экрандан көрсөтүү, берилиштерди киргизүү жана аларды компьютерге жиберүүдө колдонулат. Киргизгич-чыгаргыч терминалдар берилиштерди иштете албайт, себеби алардын сырткы эси болбойт. Киргизгич-чыгаргыч терминалдар көбүнчө мини, универсал же супер компьютерлер менен туташтырылат жана ошол компьютерлерде иштетилген кийин алынган маалыматтар басып чыгарылуучу маалымат катары терминалга жиберилип турат. Интеллектуалдык терминалдар берилиштерди өздөрүндө иштетүүгө жөндөмдүү жана көп учурда аларга баскычтоп тактасы менен экрандан сырткары кошумча диск сыяктуу сактагыч түзүлүштөр кошулат. Терминалдын мындай кошумчаланган ички мүмкүнчүлүктөр, башка компьютер менен туташтырылбаган учурда, чектелген сандагы маселелерди иштетүүгө жөндөмдүү. Интеллектуалдык терминал ошондой эле програмчы терминал деген ат менен да белгилүү болуп, арифметик жана логиктик амалдарды камтыган айрым маселелерди аткарууга жөндөмдүү. Атайын багыттагы терминалдар белгилүү типтеги иштерди аткарат жана айрым өндүрүштөрдө колдонулат. Бул терминалдар кардарлар менен ишкердик бүтүмдөр түзүлгөн учурда берилиштерди киргизүүгө мүмкүндүк берет, мисалы, ресторан же мейманканаларда. Киргизилген берилиштер бизнести башкарууда коммерстик иш-аракеттер жүргүзүүдө колдонулат. Терминалдардын дагы бир тиби кассирдин автоматтык машинкеси банк менен байланышкан иштерди аткарууда жардам берет. Бул типтеги терминалдарга берилиштерди магнит тилкелүү банк кардтын жана атайын жасалган баскычтоп тактасын пайдаланып киргизилет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]