Термодинамикалык система

Википедия дан

Термодинамикалык система (жөнөкөй система) – сырткы чөйрөдөн шарттуу же реалдуу түрдө бөлүнүп алынган термодинамикада каралуучу ар кандай макроскопиялык объектилер. Т. с. мисалы катары жылуулук машинасы же изилденүүчү зат үлгүсү боло алат. Эгерде система сырткы чөйрө заттар, менен алмашпаса, бирок энергиялык алмашуу жүрсө, анда термодинамикалык система жабык деп аталат.Эгерде сырткы чөйрө менен система ортосунда энергия жана зат алмашуу жүрбөсө, анда Т. с. обочолонгон система болот. Эгерде системада сырткы чөйрө менен энергия жана зат алмашуу жүрсө, анда система ачык болот. Мындан тышкары жекече обочолонгон шартты да карашат: адиабаттык обочолонгон система чөйрө менен жылуулук алмашат, ал эми механикалык жумушту алмаша албайт. Т. с. абалын аныктоочу көз карандысыз чоңдук болгон системанын касиети термодинамикалык параметрлер деп аталат. Система касиеттери экстенсивдик же интенсивдик болушу мүмкүн. Эгерде абалдын интенсивдүү параметри системанын бардык бөлүгүндө анык мааниси бар же чекиттен чекитке үзгүлтүксүз өзгөрсө, анда бул система гомогендик болот. Эгерде абалдын интенсивдүү параметрлери кээ бирлери Т. с. чегинде үзгүлтүктүү өзгөрсө, анда система гетерогендүү деп аталат. Мындан тышкары – бир, -эки жана көп компоненттүү системалар деп айрымалашат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]