Термодинамиканын 2-башталышы

Википедия дан

Термодинамиканын 2-башталышы ⎯ термодинамиканын негизги закондорунун бири; жаратылыштагы энергиянын бардык түрлөрү өзүнөн өзү жылуулук энергиясына айланарын, ал эми жылуулук энергиясы башка энергияга өзүнөн өзү айлана албастыгын көрсөтөт.

Ошентип жаратылыштагы ар кандай процесстер багытка ээ. Жылуулук энергиясы системаны түзгөн бөлүкчөлөрдүн башаламан кыймылдарынын бардык түрүнүн кинетикалык энергияларынын суммасын түзөт, б. а. жылуулук − бул башаламандык. Энергиянын бардык башка түрлөрү − багытталган кыймылдын энергиясы, б. а. иреттүүлүк. Системанын багытталган иреттүү кыймылы (мис., механикалык же электр кыймылы) дайыма башаламан кыймылга (жылуулукка) өзүнөн өзү эле айланат. Бирок тышкы таасирсиз башаламандык иреттүүлүккө өтпөйт. Ошентип макросистемада жылуулук жумушка аргасыздан айланат. Бул айлануу эч качан өзүнөн өзү аткарылбайт.

Термодинамиканын 2-башталышына төмөнкүдөй да аныктамалар берилет: 1) 2-түрдөгү түбөлүк кыймылдаткыч болушу мүмкүн эмес (В.Оствальд). Бул аныктама машинанын пайдалуу аракет коэффициентинин (η)η=(Q1–Q2)⁄Q1 формуласын талдоодон келип чыккан. Мында Q1 жана Q2 ысыткычка жана муздаткычка берилген жылуулук сандары. Q2=0 болгондо, б. а. муздаткычсыз жылуулук жумушка айланбайт. Муздаткычсыз машина түбөлүк кыймылдаткыч болуп калмак. 2) Жылуулук өзүнөн өзү ысык нерседен муздак нерсеге гана өтө алат (Р.Клаузиус). Эгерде жылуулук муздак нерседен ысык нерсеге өтө алса, анда жылуулук машинасындагы муздаткычты ысыткыч менен туташтыруудан 2-түрдөгү түбөлүк кыймылдаткычты алууга болор эле. 3) Бирден-бир натыйжасы жылуулукту жумушка айландыруу процессин ишке ашыруу мүмкүн эмес (У.Томсон, М.Планк). Бул аныктамадан жылуулукту жумушка айландыруу процесси дагы башка процесстер жана айлана-чөйрөдөгү өзгөрүүлөр менен дайыма улантыла тургандыгы келип чыгат, мис., муздаткычтын ысышы (Q2≠0) менен улантылат. Ошентип Термодинамиканын 2-башталышы көрсөткөндөй, ар кандай машина − материя кыймылынын бир түрүн экинчисине айландыруучу система. Термодинамиканын 2-башталышы ушул айландырууну илимий түрдө ишке ашырат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]