Мазмунга өтүү

Термодинамика биринчи башталышы

Википедия дан

Термодинамика биринчи башталышы – жылуулук кубулуштарында колдонулган энергия сакталуу закону. Т. б. б. эмпирикалык негизин Джоуль тажрыйба түрүндө аныктаган: ал белгилүү сандагы сууну 10оС ысытуу үчүн, бардык учурда бирдей механикалык жумуш талап кылына тургандыгын көргөзгөн. Мындай жыйынтык эквиваленттүүлүк принцибин түшүндүрөт. Томсон: эгерде жылуулук булагынан алынган механикалык жумуш саны жылуулук эффектиси натыйжасында жоюлган механикалык жумуш саны менен бирдей болсо, анда бирдей сандагы жылуулук саны жоюлат же пайда болот деген. Мындан тышкары эквиваленттик принциптин башкача аныктамалары да кездешет: жылуулуктун эквиваленттик санын сарптабастан механикалык жумушту иштеп чыгарган машинаны куруу мүмкүн эмес. Эквиваленттүүлүк принцибине ылайык система, процесс жүрүү убагында А жумушун аткарыш үчүн анда удаалаш баскычтар аркылуу өтүп, кайрадан Q жылуулугун баштапкы абалга да Q=А (1) болот. Эгер DU=Q-А (2)- чоңдугун киргизсек, анда (1) барабардык (3) алууга болот жана туюк контур боюнча интеграл абалдын мейкиндигин камтыйт. Бул dU=dQ-dF (4) толук дифференциал жана U-функция абалын билдирет. (4) Теңдеме классикалык теориянын негизинде термодинамика биринчи башталышынын математикалык туюнтулушу болуп эсептелет. Клаузиус сунушу боюнча U функциясы системанын ички энергиясы деп аталат. Ички энергияны интегралдоо константасына чейин так аныктоого болот. Жалпы учурда dQ жана dW толук дифференциал боло албайт. жана туюнтмалары мааниси мейкиндик абалындагы процесс жолуна көз каранды. Квазистатикалык процесс учурунда гомогендүү жөнөкөй система үчүн жумуш dA=PdW(5), анда ички энергия dU=Q-PdW (6). Демек жогоруда айтылгандар негизинде обочолонгон системанын ички энергиясы турактуу деп айтабыз.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]