Термокарст

Википедия дан

Термокарст, терм карстырельефтин оюлуп жана чөгүп кеткен формасы. Температуранын жогорулашынан же кыртыштагы жылуулук режимдин өзгөрүшүнөн кыртыш топурактын жана анын астында жаткан тоо тектерде тоңдун эришинен кийин пайда болгон көңдөй. Мындай көңдөйчөлөр чөгүп, оюлуп, аңгек, чуңкур, алластар, көл чанактарын пайда кылат. Термокарст көбүнчө көп жылдык тоң жаткан аймактарда жүрөт. Айрым учурда солифлюкация, суффозия, эрозия жана абразия процесстери менен кошо кезигет. Чарбага чоң зыян келтирет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]