Термоядролук реактор

Википедия дан

Термоядролук реактор – башкарылма термоядролук (~108 К температурадан жогору) синтездөө реакцияларынын эсебинен энергия алуучу түзүлүш. 1980-ж. иштелип чыккан. Термоядролук реактордун эки тиби бар. Биринчи тибине сырткы булактан термоядролук реакцияны тутантууга гана берилүүчү энергия зарыл болгон Термоядролук реактор кирет (мисалы, токамак). Экинчисине күйүү реакциясын кармап туруу үчүн б-бөлүкчөлөрдүн агымы түрүндө бөлүнүп чыккан энергия жетишсиздик кылып, сырткы булактан энергия зарыл болгон реакторлор мүнөздүү. Дейтерий-тритий аралашмасы менен иштөөчү Термоядролук реактор кыйла келечектүү деп эсептелүүдө.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]