Терроризм

Википедия дан
Терроризм (11 сентябрь 2001).

Терроризм – системалык түрдө террорго таянуу менен жүргүзүлгөн саясат. Негизинен a) террордук акцияны уюштуруу, пландоо, даярдоо жана ишке ашыруу; б) террордук акцияларга, террордук максаттарда жеке адамдар же коомдук, мамлекеттик уюмдардын үстүнөн күч колдонууга, материалдык объектилерди жок кылууга шыкактоо; в) мыйзамсыз куралдуу бирикмелерди, кылмыштуу топторду (кылмыштуу уюмдарды), террордук акцияларды ишке ашыруу же ага катышууга чакыруу; г) террорчулукка үгүттөө, окутуп-үйрөтүү жана террорчуларды колдоо, пайдалануу; д) террордук уюмду, топторду каржылоо же башкача жардам көрсөтүү Терроризмге жатат. Террордун (латынча terror – коркутуу, үрөйүн учуруу) синоними «зордук кылуу, күчкө салуу», «чочутуу» болуп саналгандыктан, ушул сыяктуу жол менен тигил же бул аракеттерди жасоого мажбурлоо жана коркутуу же баш тарттыруу же ошол эле максатта аракет жасайм деген коркутуулар да Терроризм деп аталат. Кеңири мааниде: 1) террор саясаты жана аны иш жүзүнө ашыруу үчүн күч колдонулган кылмыштын бир түрү; 2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында өрттөө, жардыруу же адамдарга өлүм коркунучун жаратуучу, олуттуу зыяндарга, болбосо башка коомдук коркунучтуу кесепеттерге алып келүүчү иш-аракеттерди жасоо, эгер ал аракеттер коомдук коопсуздукту бузуу, мамлекеттик бийликти алсыратуу максатында калкты коркутуу же болбосо террорчулар же террордук уюмдардын кызыкчылыгы үчүн мамлекеттик органдарды, эл аралык, коммерциялык, коомдук ж. б. уюмдарды тигил же бул аракеттерди жасоого мажбурлоо Терроризм катары каралат. Мүнөзү жагынан Терроризм уюшулбаган (жеке), уюшулган, улуттук, диний, идеологиялык болуп бөлүнөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]