Терроризмге каршы күрөш

Википедия дан

Терроризмге каршы күрөш – террордук акцияны болтурбоо, анын кесепеттерин азайтуу, мамлекеттин конституциялык түзүлүшүн, жеке адамдардын коопсуздугун камсыздоого багытталган атайын иш-чаралар. Терроризмге каршы күрөш эки багыт аркылуу ишке ашат: а) консервативдүү; б) прогрессивдүү жол менен. Консервативдүү багыт боюнча террорчулардын кээ бир талабын (мисалы, бирөөнү куткарып алуу үчүн акы төлөө, бирөөлөрдү турмөдөн бошотуу, территориялык доо, талаптарды аткаруу ж. б.) аткаруу каралса; прогрессивдүү багытта террорчулар менен сүйлөшүүгө барбоо, дооталабын аткарбоо, аларды биротоло жок кылуу болуп саналат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]