Тескей

Википедия дан

Тескей – тоонун түндүк тараптагы, күн нуру салыштырмалуу аз тийген капталы. Тескейге күн нуру жантайыңкы бурч менен тийгендиктен, ал жерге жылуулук аз топтолот, мөңгү, кар арбын жыйналып, кеч эрийт, ным көп болуп, аз бууланат. Топурак өсүмдүктөрү күнгөй беттегиден айырмаланат. Топоним катары да кездешет, мисалы, Тескей Ала-Тоо, Тескей-Сандык, Тескей- Тоо ж. б.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]