Тескери толкун лампасы

Википедия дан

Тескери толкун лампасы - өтө жогорку жыштыктуу (ӨЖЖ) термелүүлөрдү генерациялоочу электр-вакуум прибору.

Мындай лампада ӨЖЖ термелүүлөр электрон агымы менен ал агымды бойлото жана тескери таралуучу электр-машит толкундун өз ара аракеттенишинен пайда болот. Тескери толкун лампасы сигнал-генераторлордо, радио- тех. өлчөөлөрдө, ошондой эле радио кабылдагычта жана радио бергичте бир жыштыктан башка жыштыкка тез өтүүгө мүмкүндүк берет.

Тескери толкун лампасында электрон аткычынып жардамы менен пайда болгон электрондордун түз сызыктуу агымы бир нече жалпак өткөргүчтөрдөн турган жайланткыч система аркылуу өтүп, анда электрондордун агымына карама-каршы багытка таралуучу электр-магнит толкунду дүүлүктүрөт. Таралуучу толкундун электр талаасынын таасиринон электрон агымында электрондор тыгыздалат. электрондордун ар бир тыгыздалуусу жайланткыч системанын пластинкаларынын ортосундагы жылчык аркылуу кезек менен өтүп, жылчыктын ар биринде таралуучу толкун чыңалуусунун түйүнүне урунат да, ал толкундун электр талаасынын аракетинен тормоздолот. Бул шарт электрондор топтолушунун бир жылчыктан коңшу жылчыкка учуп өтүү убактысы термелүү мезгилинин жарымынан анча-мынча аз болгондо аткарылат.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.