Тетраэдр

Википедия дан

Тетраэдр – туура көп грандыктардын беш түрүнүн бири, б. а. негизги жана каптал жактары туура үч бурчтук болгон пирамида. Тетраэдрдин башка көп грандыктардан айырмасы симметрия борборго ээ эмес. Тетраэдрдын бирдей тен жактуу үч бурчтуу 4 граны, 6 каптал кыры (бири бирине барабар) жана 4 чокусу (ар бир чокусунда үчтөн кыры) бар. Тетраэдр каптал кыры жана ага каршы жаткан кырынын тең ортосу аркылуу өткөн 6 симметрия тегиздикке ээ. Туура Тетраэдр кубдун каалаган чокусунан (А) үч диагоналды (АВ, АС, АД) кубдун гранына жүргүзүп, В, С, Д чекиттерин өз ара туташтыруу аркылуу алынат. Тетраэдрдин каптал кырынын узундугу а болсо, анда анын көлөмү: v=a3 ^2/12 =4), 1179a3.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]