Тетраэдрит

Википедия дан

Тетраэдрит (грекче tetra – төрт жана hedra – кыр) – минерал, сурьма, жез жана темирдин татаал сульфиди, (Cu,Fe)12Sb4S13. Кошундулары Fe, Ag, Hg, Zn, Co, Ni, Pb, Zn. Курамына жараша төмөнкүдөй түрлөрү бар: фрейбергит (Ag 17% ке чейин), швацит (Hg 20% ке чейин), зандбергерит (Zn 7%ке чейин), ферротетраэдрит (Fe 4- 5%), фригидит (Ni 7% ке чейин), голдфилдит (Те жана Аи көп). Өңү боздон карага чейинкилери кездешет, жашыл темгилдери бар. Жаны сынган жери металлдай жылтырайт, калган жери күңүрт. Тунук эмес, катуулугу 3,5-4, тыгыздыгы 4,6-5,2 г/см3, морт. Температурасы төмөн жана орточо келген гидротермде пайда болуп, алтын жа жез кен таштарында, полиметалл, ошондой эле калай, сурьма-сымап кендеринде көп кездешет. Жездин жана кошунду металлдардын кен ташы болуп саналат. Кыргызстанда Айдаркен (Хайдаркен) кенинде кездешет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]