Техникалык кездеме

Википедия дан

Техникалык кездеме - машина тетиктерин, түрдүү техникалык буюмдарды жасоодо колдонулчу кездеме.

Ал бардык текстиль жибинен жана текстиль буласынан токулат. Калька, ызгыт, каптооч (чехол) ж. б. жасоодо Техникалык кездеме катары кээ бир кездеме (мисалы, даки, миткаль, астар кездеме) пайдаланылат. өнөр жайдын кээ бир тармагында Техникалык кездеменин ордуна синтет. плёнка керектелет. Техникалык кездеменин ичинен корд, тасмалык, транспортёрдук, жеңдик, пресстик жана чыпкалык кездеме кеңири таралган. Корд резиналанган кездеме ишкананын каптоосунун каркастарында пайдаланылат. Тасмалык жана транспортёрдук кездеме чубурма конвейердик жана тасмалуу кыймылга келтиргич тасманы даярдоодо, жецдик кездеме басым астында иштөөчү кыймыл өткөргүч түзүлүштөрдө колдонулат. Пресстик кездеме полиграфия, токуу ж. б. өнөр жайда, чыпкалоочу кездеме химиялык, көмүр, тамак-аш, кагаз, мед., ж. б. өнөр жай тармагында пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.