Техникалык өсүмдүктөр

Википедия дан

Техникалык өсүмдүктөр – түрдүү өнөр-жай тармагына сырьё катары өстүрүлүүчү бир же көп жылдык айыл-чарба өсүмдүктөрү. Аларга крахмалдуу (картошка, батат ж.б.), канттуу (кант кызылчасы, бал камыш ж. б.)» майлуу (күн карама, кунжут, соя, жер жаңгак, кене дан, зыгыр, софлор ж. б.), булалуу ( пахта, кендир ж.б.), эфир майлуу (атыр гүл, жалбыз ж. б.), каучуктуу (гевея, гваюла, көк сагыз ж. б.), боек алынуучу (скумпия, базан ж. б.), дары-дармек (мышык тамыр, мээр чөп ж. б.), наркотиктүү (апийим, тамеки) өсүмдүктөрү кирет. Мындай бөлүштүрүү шарттуу болуп эсептелет, себеби булалуу өсүмдүктөн (мисалы, пахта) май да алынат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]