Технократия

Википедия дан

Технократия (грекче techne – өнөр, kratov – бийлик) – жогорку квалификациялуу адистердин чөйрөсү – мамлекеттин экономикалык саясатын иштеп чыгууга жана аны иш жүзүнө ашырууга, ошондой эле өндүрүштү башкарууга катышкан техникалык интеллигенция, инженерлер менен окумуштуулар (технократтар). Технократиялык теорияга (К. Маннгейм, 3. Бжезинский) таянсак индустриядан кийинки коомдун жетектөөчү күчү катары техникалык интеллигенция эсептелет. Технократиянын азыркы теоретиктери илимий техникалык революциянын өнүгүү этабында компьютердик жана робот техникасынын тездик менен өсүшү учурда «кибернетикалык элита» менен «компьютердик демократияны» алып келди, ошондуктан, коомдогу азыркы бийлик математиктерге, экономисттерге жана программисттерге тиешелүү болуу керек деген пикирди таратууда. Технократиянын идеологдору деги эле саясатчы, юрист, тарыхчы, философ жана психологдун коомдогу ролун төмөндөтүп, алардын компететтүүлүгүн эске алышпайт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]