Технологиялык процесс

Википедия дан

Технологиялык процесс – алгачкы белгилер пайда болгондон тартып, керектүү жыйынтыкты алганга чейин, тартип менен удаалаш аткарылуучу өз ара байланышкан аракет. Бул, жасалган жумуштун абалын аныктоочу же аны өзгөртүүчү, максаттуу багытталган, өндүрүштүк процесстин бөлүгү. Мисалы, ширетүүнүн Технологиялык процесси төмөндөгүдөй бир нече операциядан турат: даярдоо, орнотуу, тетиктерди ширетүү жана ширетилген түйүндөрдү тазалоо. Технологиялык процесс технологиялык документациянын курамына кирген технологиялык же маршруттук карталарда көрсөтүлөт. Өндүрүштө колдонушуна жараша төмөндөгүдөй бөлүнөт: жеке Технологиялык процесс – конкреттүү бир тетик үчүн, типтүү Технологиялык процесс – жалпы конструкциялык белгилерге ээ буюмдардын тобуна жасалат, ошондой эле топтук Технологиялык процесс болот. Айрым буюмдардын түрлөрүнө жараша типтүү же топтук Технологиялык процесс иштелип чыгылат. Технологиялык процесс бир эле убакта бир нече ишканада жакы буюмдарды жасап чыгарууну тездетүүгө мүмкүндүк түзөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]