Мазмунга өтүү

Технологиялык процесстерди оптималдаштыруу

Википедия дан

Технологиялык процесстерди оптималдаштыруу — өндүрүш ылдамдыгын, өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу, чыгымын азайтуу үчүн технол. процесстеги бардык кубулуштар, oперациялар өз ара байланышын, таасирин, утушун, уттурушун жана башка алдын ала анализдеп, электрондук эсептө-өчү машиналар жардамы менен эсептөөлөрдү жүргүзүү аркылуу өндүрүштү уюштуруу. Мисалы, аппатит минералынан фосфор к-тасын алуу:

Са5(РО4)3F+5Н2SО4 =ЗН 3РО4+5СаSО4+НF

Аппатит минералы канчалык майдаланган болсо, реакция ошончолук тез жүрүп чыгым аз кетип, өндүрүмдүүлүгү жогору болот. Бирок, өтө майдалоо чыгымды көбөйтөт, өндүрүмдүүлүк бул баскычта төмөндөйт. Демек, эки баскыч жыйынтыгы боюнча утуш жок. Ошондуктан майдалоонун да, реакциянын жүрүү ылдамдыгынын да чеги болуш керек. Реакция жогорку темп-рада тез жүрөт, бирок жогорку темп-рада реакция жүргүзүлүп жаткан реакторлор, жабдыктар коррозияга катуу дуушар болушат. Демек, бул шартта дагы карама каршылыктар бар. К-та концентрациясына жараша борпоң, көпшөк же нык түзүлүштөгү кальций сульфаты пайда болот. Нык кальций сульфатынан к-таны чыпкалоо менен бөлүп алуу татаал операцияга айланат, көп чыгымды талап кылат. Реакция ьлдам жүрүшүнөн алынган утуш, чыпйалоо операциясын жүргүзүүгө кеткен чыгымды жаппайт. Ошентип жогоруда көрсөтүлгөн ар бир операция — баскычтар жүргүзүүнүн эң жакшы чеги, үнөмдүү б. а. оптималдуу шарты аныкталыш керек. Ушундай шартта гана жалпы өндүрүш ылдамдыгы жогору, чыгымы аз, өндүрүмдүүлүгү жогору б. а. оптималдуу болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]