Тешебаев Гапар

Википедия дан

Тешебаев Гапар (1928-жылы Ноокат району, Өрнөк кыштагында төрөлгөн) ― тамеки өстүрүүчү, Социялистик Эмгектин Баатыры (1971), СССР социалисттик айыл чарбасынын устаты (1967). 1953-жылдан КПСС мүчөсү. 1946-59-ж. «өрнөк» колхозунда колхозчу болуп иштеген, 1962-жылдан У. Салиева атындагы колхоздо тамеки өстүрүүчүу бригаданын бригадири болуп иштеген. 1971-жылы анын бригадасы 46 га аянттын ар гектарынан 27 - 29 цден тамеки жалбырагын жыйнап алган.

Сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Социялистик Эмгектин Баатыры, Ленин ордени, Эмгек Кызыл Туу ордени, медалдар, Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун Ардак грамотасы менен сыйланган.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Борбугулов М. "Ош областы энциклопедия" Фрунзе 1989ж.