Теше (керки)

Википедия дан

Керкинин түрү. Жыгач усталардын куралы. Муну менен көбүнчө ээр чабат. Чуңкур буюмдардын ичин оюш үчүн пайдаланылат. Анын бир топ түрлөрү бар. Мисалы «чуңкур теше», «узун теше» муну «карк теше» деп атайт. Чуңкур тешенин ичи саал иймекей келип, керки өңдүү, бирок, андан чоңураак болот. Чоң тешенин сабы күрөктөн узун, өзү чот кетмендей болот да, кудум керкидей көрүнүп, ээрдин түспөлүн ушу менен чеберлер туруп алып чабат.

Маалыматтын булагы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Акматалиев Амантур Сейтаалы уулу. Кыргыздын кол өнөрчүлүгү. Бишкек 1996: ISBN — 5-655-00960-9(жеткиликсиз шилтеме)