Тешкен тoo

Википедия дан

Тешкен тoo, Туннель Кыргыз Ала-Тоонун Төө-Ашуу ашуусунда, деңиз деңгээлинен 3120 м бийиктикте 1960-ж. тоону тешип, курулушу башталып, 1965-ж. бүтүрүлгөн.

  • Анын узундугу 2800 м. КМШ өлкөлөрүнүн ичинде эң бийик жайгашкан тешкен тоо.
  • Ал аркылуу Бишкек - Ош автомобиль жолу өтөт.
  • Бишкектен 118 км, Суусамыр кыштагынан 32 км аралыкта.
  • Түндүгүндө Кара-Балта капчыгайы, түштүгүндө Суусамыр өрөөну жатат.
  • Реконструкциядан кийинки узундугу 2700 м.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9