Теңдеме

Википедия дан

[[Теңдеменин сандык чыгарылышы|Теңдеме — өзгөрмөлүү барабардык. Анда камтылган өзгөрмөнүн маанисин бул барабардык аткарылгандай табуу талабы коюлат.

Теңдемени аныкталуу областтары жалпы болгон эки функциянын барабардыгы катары да кароого болот. Теңдемеге кирген өзгөрмөлөр латын тамгалары ... менен белгАиленет. Бир өзгөрмөлүү теңдеме жалпы түрдө f(х)=φ(х) деп жазылат. Теңдемени барабардыкка айландыруучу өзгөрмөнүн маанилери теңдеменин тамырлары деп аталат. Теңдемени чыгаруу — анын тамырларынын көптүгүн табуу дегендикке жатат. Теңдеменин эки жагын теңдеш мааниге ээ болтуруучу өзгөрмөнүн маанилеринин көптүгү теңдеменин аныкталуу областы же өзгөрмөнүн мүмкүн болгон маанилеринин областы деп аталат. Бир нече өзгөрмөсү бар теңдеменин аныкталуу областы катары ага кирген бардык функцияларды аныктоочу өзгөрмөлөрдүн маанилеринин көптүгү аталат. Тамырлардын көптүгү дайыма теңдеменин аныкталуу областында камтылат. Теңдемелер бир, эки, ... өзгөрмөлүү (белгисиздүү); 1-даражадагы (сызыктуу), 2- даражадагы (квадраттык), 3-даражадагы (кубдук) ж. б. теңдеме; же алгебралык, трансценденттик теңдеме деп бөлүнөт. Теңдемени чыгаруу теңдемелердин тен күчтүүлүгү жөнүндөгү теоремаларга таяна