Теңдештиксиз термодинамика

Википедия дан

'Теңдештиксиз термодинамика химиялык реакциялар, диффузия, илээшчек агымдар, жылуулукту, электр заряды жана башка сыяктуу теңдештиксиз процесстер жалпы законченемдүүлүгүн изилдейт. Системанын энтропиясынын dt убакыт ичинде толук өзгөрүүсү dS=deS+diS, мында deS-жылуулукту тыштан сиңдирүүнүн натыйжасындагы энтропиясы өзгөрүүсү, diS- система ичиндеги кайталанбас процесстер жүрүшүнүн натыйжасындагы энтропия өзгөрүүсү. Термодинамика экинчи башталышына ылайык diS>0. diS/dt чоңдук энтропиянын өзгөрүшү деп аталат да, Т. т. борбордук түшүнүгү болуп саналат. Бир тектүү эмес, үзгүлтүксүз системада көлөм бирдигине катыштырылган dV көлөм элементдеги энтропиянын өзгөрүшү энтропиянын локалдык өзгөрүшү s деп аталат. Үзгүлтүксүз системада s ар кандай кайталанбас процесстер термодинамикалык күчтөрүнөн хi жана алар менен чакырылган агымдар Ii би сызыктуу функциясы болуп саналат, башкача айтканда s = S Ii xi. Теңдештиктен бир аз четтегенде агым менен күчтөрдүн ортосундагы байланыш Онзагер теңдемеси менен туюнтулат:, мында Lik- агымдарга жана күчтөргө көз каранды эмес коэффициенттер. Онзагер теңдемеси Фик закону сыяктуу жекече эмпирикалык закон ченемдүлүктөр жалпылоосу болуп саналат. Бирок алардан айырмаланып, ар кандай кайталанбас процесстер ортосундагы өз ара байланышты да сүрөттөйт. Эгерде мындай байланыш болсо, башкача айтканда Lik ¹ 0, анда Онзагер өз ара жооп кайтаруу теоремасына Lik =L ki туура келет. Кайталанбас процесстер байланышына мисалы термодиффузия ' температура градиенти таасири астында башында курамы боюнча бир тектүү системада заттар конц. градиенттери пайда болушу. Онзагер катыштары аткарылуу убагында энтропиянын өзгөрүшү ар кандай үзгүлтүксүз системада стационардуу абалда минималдуу мааниге жетет (Пригожин теоремасы).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]