Тең мүмкүнчүлүктөр

Википедия дан

Тең мүмкүнчүлүктөр – бул адамдарга жасалма тоскоолдуктарсыз, кодулоосуз же кандайдыр бир адатка айланган көз карашсыз, конкреттүү бир айырмачылыктарды так атоого мүмкүн болгон учурларды кошпогондо, адамдардын баарына бирдей мамиле жасоочу адилеттүүлүктүн абалы. Бул нерсенин максаты – уюмдардагы маанилүү кызматтар туулган жери, алган тарбиясы, тааныш-билиштик, тууган-урук маселеси, туткан дини, жынысы, этникалык таандык, раса, каста же болбосо майыптык, жаш курак, гендердик иденттүүлүк же сексуалдык багыт сыяктуу адам өзү тандап албаган сапаттарга карап жеке адамдарга берилбестен, ал кызматтар өз ишин мыкты билген, ишти натыйжалуу аткара ала турган эң квалификациялуу адамдарга өтүшүн камсыз кылуу болуп саналат.

Концепцияны жактоочулардын пикири боюнча, алдыга жылуу, өнүгүү мүмкүнчүлүгү адамдын байлыгы, статусу же анын артыкча укугу бар топко киргенине карабастан, бардык адамга бирдей, тоскоолдуксуз болуусу керек. Мунун идеясы кызматтын тибине карап тандоо процессине байланыштуу делген “адилеттүүлүктүн алдын ала макулдашылышы” , ошондой эле процессуалдык жана укуктук каражаттарга таяп кызматкер тандоо процессин жоюу болуп саналат. Адамдар, мисалы, ата-энесинин таасирдүү тааныш-билиши бар болгону сыяктуу сырткы таасирлердин жардамы менен эмес, ийгиликсиз кырдаалдарга чыдап, өз күчү менен бийиктиктерди багынтуулары керек. Бул тааныш-билиштик, тууганчылдык маселеси менен каршы келип, социалдык түзүлүштүн легитимдүү каралуусуна да өз таасирин тийгизет. Бул концепция ишке орношуу жана билим алуу сыяктуу коомдук тиричиликтин пайда алып келген тармактарында колдонулат. Анткени менен ал коомдогу башка тармактарда деле колдонулуусу мүмкүн. Тең мүмкүнчүлүктөр меритократия концепциясынын так борборунан орун алат.

Ар кандай саясий көз караштар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Саясий көз караштары ар башка адамдар көп учурда бул түшүнүктү башкача карашат.[1] Тең мүмкүнчүлүктүн мааниси саясий философия, социология жана психология сыяктуу тармактарда талкууланат. Ал жумуштан тышкары барган сайын кеңири чөйрөлөргө, анын ичинде насыя берүү,[2] турак-жай, колледжге кабыл алуу, добуш берүү укуктары жана башка жерлерде колдонулууда. Классикалык мааниде мүмкүнчүлүктөрдүн теңдиги мыйзам алдындагы теңдик түшүнүгү жана меритократия идеялары менен тыгыз шайкеш келет.[3]

Теориясы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Стэнфорд Философия Энциклопедиясына ылайык, тең мүмкүнчүлүктөр концепцти коом ар түрдүү ролдор менен катмарланган деп болжолдойт, ал ролдордун айрымдары башкаларга караганда жагымдуураак. Тең мүмкүнчүлүктөрдүн артыкчылыгы кызматтарга тандоо процессиндеги адилеттүүлүккө жол ачат.[4]

Ар түрдүү, ар кандай көз караштагы адамдар тең мүмкүнчүлүктөрдү ар кандай өңүттө карашат: либералдар камсыз болуу үчүн кандай шарт керектигин айтышса, айрым “эски көз караштагы” консерванттар теңсиздик жана иерархияны эски-каада салттарга таянышып, пайдалуу деп эсептешет.[5] Тең мүмкүнчүлүк жеке жалдоо иштеринде же бир конкреттүү компаниялардын жумушчуларды жалдоосунда же бүтүндөй бир өлкөнүн жалдоо иштеринде калыптанышы керек. Тең мүмкүнчүлүктөрдүн чөйрөсү азчылыктын гана укуктарын коргоочу чектен чыгып, жалдоо, жалдануу, окутуу, бошоо, бошотуу, сунуштоо, кызмат боюнча өйдөлөө, жоопкерчилик, айлык акы, оору боюнча өргүү, камсыздандыруу, пенсия ж.б. жеңилдиктерде да колдонулушу керек.[6]

Тең мүмкүнчүлүктөр адамдын жеке амбициясын коргойт, талантын жана ишмердүүлүгүн ачат. Анын кандайдыр бир топторго тиешелүүлүгүнө, жеке сапаттарына, социалдык классына, расасына же таасирдүү үй бүлөдөн чыккандыгына карабайт.[7] Мунун негизинде теӊ мүмкүнчүлүктөр адилеттүү процесс экендигин баса белгилесек болот. Социологиялык анализге таянсак, бул коомго пайда алып келүүчү, социалдык мобилдүүлүктү камсыздаган фактор катары карасак болот.[7]

Теӊ мүмкүнчүлүктөр түшүнүгүн бириктирген ар кандай концепциялар бар.

Формалдуу теӊ мүмкүнчүлүктөр - бул (адилетсиз) тике дискриминациянын жоктугу. Бул жерде дискриминация тымызын болушу мүмкүн жана орундуу катары эсептелинет. Мисалы, жумушка алуу үчүн аңгемелешүүдөн өтүүдө, компетенттүү деп эсептелбеген адамды албай коюшу мүмкүн. Ошондой эле университеттерде дагы контрактты төлөй албаган таланттуу студенттерге караганда акча төлөгөн, бирок билими азыраак студенттер окууга өтүп кетет.

Чыныгы тең мүмкүнчүлүтөр - бул кыйыр түрдөгү дискриминациянын жоктугу. Бул коомдун адилеттүүлүгүн жана меритократтуулугун талап кылат. Мисалы, адам анын өлкөсүнүн эмгек мыйзамдуулугу коррупциялашкандыгы үчүн иш ордунда өлүп калуу мүмкүнчүлүгү болбошу керек. Эч ким жалданма жумушчусу жана жанында дайым мыйзамдуу өкүлү жок болгондугу үчүн, мектепти тыштап койбошу керек.

Олуттуу теңсиздик менен күрөшүү көпчүлүк учурда оор. Формалдуу түрдө бардык эле адамдар мүчө болууга уруксат берген саясий партиялар, жыйын өткөрүүчү имаратты тандоодо, майыптар арабасы менен кире албаган, коомдук транспорттон алыс, автомобиль айдоо мүмкүнчүлүгү жок өтө жаш же өтө картаң адамдар бара албаган жай болсо, бул албетте дискриминация.

Тарых [түзөтүү | булагын түзөтүү]

Маккуори Университетинин профессору Девид Кристиандын айтуусу боюнча байыркы агрардык цивилизация убагында он адамдын тогузу башкаруучу кланга кызмат кылгандардан болгон. Акыркы миӊ жылдыкта акырындап теӊ мүмкүнчүлүктөргө болгон туура мамиле байкалган. Орто кылымдын акыркы жылдарында жана Кайра жаралуу доорунда феодализм иерархиясына негизделген түшүнүктөр, саясий түзүлүштөр солгундай баштаган. Монархиянын ордуна демократия келди, королдорду болсо парламенттер жана конгресстер алмаштырды. Кулчулук да жоюлду. Инсандын укуктарынын баалуулугу конституцияларда, мыйзамдарда жана уставдарда орун алды. Билим берүүнүн жаӊы баскычтары, адистештирилген бөлүмдөр, корпорациялар пайда болду. Жарандык жөнүндө жаӊы идеялар, мыйзамдар жаралды. Кошмо Штаттардын бир юридикалык аналитигинин болжолунда теӊ мүмкүнчүлүктөр тууралуу чыныгы заманбап түшүнүк “мыйзам боюнча теӊчиликти коргоочулук” мыйзамдагы Он төртүнчү оӊдоодон кийин ишке аша баштаган.[6] Бул оӊдоодо теӊ мүмкүнчүлүктөр боюнча түздөн-түз айтылбаса дагы афроамерикалыктардын укуктук талаасы, аялдардын саясий жана экономикалык укутары тууралуу бир катар токтомдор каралган. 1933-жылы Конгресс “тутунган дини, расасы жана терисинин өӊүнө” карап дискриминация кылууга тыюу салган “Жумушсуздарга жардам берүү” боюнча мыйзам кабыл алган.[6]

СССР[түзөтүү | булагын түзөтүү]

СССР жарандарынын укуктары алардын жынысына, улутуна, расасына, дин ишенимдерине социалдык жана каржылык абалына карабастан бирдей болгон. Ошондой эле айыл чарбасы, маданият, саясат болобу кайсы тармакта болбосун активдүү салым кошууга мүмкүнчүлүк болгон.

СССР Конституциясынын 122-беренесине ылайык аялдардын эркектер менен теӊ укуктуулугу эмгектенүүдө, эс алууда, социалдык камсыздандыруу жана билим алууда теӊ салмакта эле. Андан сырткары мамлекет тарабынан эне жана баланы коргоо, көп балалуу энелерге жардам кылуу, кош бойлуу учурдагы жана төрөгөндөн кийинки акы төлөнгөн өргүүлөр, бала бакчалар, яслилер сыяктуу мүмкүнчүлүктөр каралган.

Советтик бийлик орногон биринчи күндөн тартып эле улуттар аралык бөлүнүүлөргө, тыюу-кысууларга бөгөт коюлган. Совет мамлекетинин биринчи милдеттеринин бири саясий жана маданий жактан артта калган улуттардын кызыкчылыктарын коргоо болгон.

Ишке ашыруудагы жана өлчөөдөгү кыйынчылыктар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тең мүмкүнчүлүктөрдү камсыздоого багытталган программаларды ишке ашыруу оор болуусу мүмкүн. Өкмөттүн бардык жарандарга бирдей медициналык кызмат көрсөтүү талабы өтө кымбат болушу мүмкүн. Же аскерге чакырылган аялдар жана эркек тапшырган физикалык тесттер окшош болушу керекпи?

Тең мүмкүнчүлүктү камсыздоого аракет жасаган саясатчыларга жаш өзгөчөлүк боюнча дискриминация олуттуу көйгөй түзөт.[8] Көптөгөн изилдөөлөрдүн жыйынтыгына ылайык, жаш курактагы адам менен улгайган адам экөөнө тең бирдей адилет кароо аракети маселе туудурат, анткени, коомчулук улгайган адамдын өмүрү аз, ал эми ден соолугу чың жаш курактагы адамга көбүрөөк ресурс жумшоо туура деген пикирди жаратат.[9] Демек, башка көз караштан алып караганда, эки жаш курактагы адамга тең мүмкүнчүлүк менен кароо адилетсиз болуп жаткандай туюлат.

Сын пикирлер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Көпчүлүк бирдей мүмкүнчүлүктөр түшүнүгүнүн так аныкталбаганы менен макул.[8] Тең мүмкүнчүлүктөр жалпысынан дискриминациянын жоктугун жана «ачык жана адилеттүү атаандаштыкты» сүрөттөсө дагы, мааниси абдан кеңири жана бүдөмүк болгону үчүн түшүнүксүз.[10] Аны өлчөө кыйын жана ишке ашыруу көйгөйлөрдү,[8] ошондой эле эмне кылуу керектиги боюнча пикир келишпестиктерди жаратат.[11]

Колдонулган маалымат булактары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Ricardo Paes de Barros. Francisco H. G. Ferreira, Jose R. Molinas Vega, and Jaime Saavedra Chanduvi (2009), Measuring inequality of opportunity in Latin America and the Caribbean, Palgrave Macmillan and the World Bank, ISBN 978-0-8213-7745-1,
  2. Swire, Peter P. "Equality of opportunity and investment in creditworthiness. (Symposium – Shaping American Communities: Segregation, Housing & the Urban Poor)". University of Pennsylvania Law Review. University of Pennsylvania, Law School. 1995. Highbeam Research article September 12, 2012.
  3. Young, Michael (1963) [1958]. The Rise of the Meritocracy. Great Britain: Penguin Books. p. 129. ISBN 1-56000-704-4. (англ.)
  4. Boyd Childress (September 12, 2011), Equal Opportunity, Encyclopedia of Business.
  5. Gordon Marshall (1998), Social justice, Encyclopedia.com
  6. 6.0 6.1 6.2 БиБиСи. Макала: Are equal opportunity policies right for every profession? (англ.) 2002.
  7. 7.0 7.1 Nicole Richardt; Torrey Shanks (2008), Equal Opportunity, International Encyclopedia of the Social Sciences
  8. 8.0 8.1 8.2 Richard Arneson (August 29, 2008). "Equality of Opportunity". Stanford Encyclopedia of Philosophy. Retrieved September 8, 2011. (Fall 2008 Edition)
  9. McKerlie, Dennis, 1999, "Justice Between the Young and the Old", Philosophy & Public Affairs 30, pp. 152–17
  10. Matt Cavanagh (2002). "Against equality of opportunity". Oxford. ISBN 9780191584046. Retrieved September 8, 2011.
  11. Mark Bevir, ed. (2010), Encyclopedia of Political Theory, SAGE Publications, ISBN 9781412958653 (англ.)