Тикелей баскынчылык

Википедия дан

Тикелей баскынчылык – эл аралык укук боюнча, мамлекеттик туруктуу аскер күчтөрү тарабынан жасалган баскынчылык. 1974-жылдын 14-декабрында БУУ тарабынан кабыл алынган «Баскынчылык аныктамасынын» 3-статьясына ылайык, согуш жарыялагандыгына карабастан, төмөндөгүдөй учурлар баскынчылык жосун катары каралат: а) мамлекеттик аскер күчтөрүнүн башка өлкөнүн аймагына басып кирүүсү, же кол салуусу, жана да андан келип чыккан баардык аскердик басып алуулар (убактылуу болсо дагы), аскер күчүн пайдалануу менен башка өлкө аймагынын, же анын бир бөлүгүнүн бүтүндүүлүгүн бузуу; б) мамлекеттик куралдуу күчтөрдүн башка өлкө аймагын бомбалоосу, же мамлекеттин башка мамлекетке каршы курал колдонуусу; в) мамлекеттик куралдуу күчтөрдүн башка мамлекетке тийешелүү суу бекеттер менен деңиз жээктерин камалоого алуусу; г) мамлекеттик куралдуу күчтөрдүн башка мамлекеттин кургактагы, аба, деңиз күчтөрүнө, же аба, деңиз флотторуна колсалуусу; д) башка мамлекеттин аймагында өзара макулдашуунун негизинде турган башка өлкөнүн куралдуу күчтөрүн макулдашууда каралган шарттарды бузуу менен өз кызыкчылыгы үчүн пайдалануу, же анын макулдашуу мөөнөтү бүткөндөн кийин деле ал аймакта кала берүүсү. Бул тизмек ушуну менен эле бүтпөйт. БУУ Уставынын жоболоруна ылайык, Коопсуздук Кеңеши дагы башка аргандай жосунсуз аракеттерди Т. б. катары аныкташы мүмкүн.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]