Тилбе мөңгүсү

Википедия дан

Тилбе мөңгүсүАлай кырка тоосунун түндүк капталындагы топтолгон мөңгү. Узундугу 6,2 км, аянты 5,8 км2. Сох суусунун оң курамы Кожо-Ашкан суусунун алабында жайгашкан. Башы деңиз деңгээлинен 4720 м, этеги 3400 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийиктиги 3980 м, абляция облусунун аянты 3,1 км2, анын 0,6 км2 морена менен капталган. Мөңгүдөн Тилбе суусу башталып, Кожо-Ашканга сол тараптан куят.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]