Тилдердин генеалогиялык классификациясы
Тилдердин генеалогиялык классификациясы, тилдердин тектештигитилдердин материалдык негизинин окшоштугуна (чыгыш тегине) карай өз ара топторго бөлүштүрүлүшү. Мунун теориялык негиздери салыштырматарыхый методдун базасында өнүгүп чыккан. Тектеш тилдердин тобу чыгыш теги боюнча өз ара жалпылыгы бар бир нече тилди өз кучагына алат. Тарыхый жагынан ал тилдердин түпкү Tern бир тилдик негизге барып такалат. Бир тилдик негиз (өзүнчө тил же диалекти) ар кандай тарыхый шарттарга байланыштуу бир нече майда бөлүккө ажырап, акырындык менен тектеш тилдерди пайда кылат. Ал бөлүктөр бара-бара өз алдынча тил болуп калыптанганы менен теги бир экенин күбөлөөчү негизги белгилерин сактап кала берет. Ушул белгилерине карата Тилдердин генеалогиялык классификациясы дүйнө тилдерин инди-европа, семит-хамит, иберкавказ, угор-финн, тунгус-манжур, түрк, монгол сыяктуу топторго ажыратат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117 -9