Тилдердин дифференциациясы

Википедия дан

Тилдердин дифференциациясы, тилдердин жиктелиши – тектеш тилдердин өнүгүү өзгөчөлүктөрүнө мүнөздүү процесстеринин бири. Багыты боюнча тилдердин. интеграциясына карама-каршы процесс. Бул негизинен коомдук факторлорго байланыштуу пайда болот. Бир тилде сүйлөгөн элдин мурдагы саясий, экономикалык жана маданий бирдиктүүлүгүн жогото башташы ошол элди тейлеп келген бир тилдин ордуна өзүнчө жаңы өзгөчөлүктөрү, тилдик белгилери бар бир нече тилди пайда кылат. Мисалы, 13–14-кылымдарда түрдүү саясий, экономикалык себептерден улам байыркы орус мамлекетинин бытырап бөлүнүшү байыркы орус тилин ушул сыяктуу дифференциациялык процесске дуушар кылган. Натыйжада андан азыркы орус, украин жана белорус тилдери бөлүнүп чыккан. Азыркы тектеш тилдердин көпчүлүгү ушундай процесстин негизинде пайда болгондугу илимий жактан аныкталган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]