Тилдердин классификациясы

Википедия дан

Тил илиминде тилдерди классификациялоонун негизги төрт түрү бар.

Алар төмөнкүлөр: 

  1. Ареалдык 
  2. Генеологиялык 
  3. Морфологиялык  
  4. Функционалдык

1.Ареалдык классификация[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ареалдык классификация дүйнөнүн тил картасын, ар түрдүү өлкөлөрдүн тилдик мүнөздөмөлөрүн, ошондой эле жеке бир тилдин же тилдер группасынын таралышын классификациялайт. 

2.Функционалдык классификация.[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тилдерди бул классификация боюнча бөлүштүрүү үч принциптин негизинде жүргүзүлөт:.

  • Алгачкысы тилдин өзүн жараткан эл, улут менен байланышы;
  • Кийинкиси тилдин коомдогу аткарган функциялары; 
  • Соңкусу болсо тилдин өзү тейлеген улут, эл жашаган аймактан башка жакка таралышы.

 Тилдин коомдук функцияларын классификацияларын кеп стилдерин жана жазма тилдердин функционалдык өзгөчөлүктөрүн ачууга алып келет. Тилдин пайда болушу анын коомдук ишмердүүлүктөгү колдонулушу менен түздөн-түз байланышта болгону белгилүү. 

Тилдин өзүн жараткан эл менен болгон байланышы боюнча анын негизги үч тиби белгиленет:

  • уруу тил;
  • жалпы элдик тил;
  • улуттук тил.

Өзү тейлеген адамдардын саны боюнча тилдер кеңири колдонулуучу жана тар, чектелүү чөйрөдө колдонулуучу тилдер болуп бөлүнөт. Тар чөйрөдө колдонулган тилдерге уруулук тилдер же аз сандагы элдердин тилдери кирет. Улуттук тилдер конкреттүү тигил же бул улут өкүлдөрүнүн гана өз ара карым-катыш, байланышын жөнгө салбастан, улут аралык карым-катышты, эл аралык байланышты да тейлеп, өзү тейлеген улуттун чегинен чыгып, пикир алышуу байланыш-катнашка гана кызмат кылбастан, илим, техника жана искусствонун жетишкендиктерин да каттоочу, белгилөөчү тилге айланышат.  Азыркы күндө дүйнөдө эң көп адам сүйлөгөн тилдерге төмөнкүлөр кирет: кытай, араб, англис, орус сыяктуу тилдер. Бул эки классификациядан (ареалдык жана функционалдык) айырмаланып, тилдердин фонетикалык жана грамматикалык түзүлүштөрүндөгү ички өзгөчөлүктөргө, жалпылыктарга жана айырмачылыктарга негизделген типологиялык жана генеологиялык классификация да бар. Типологиялык классификация тилдердин структуралык тибин аныктап, аларга типологиялык мүнөздөмө берсе, генеологиялык классификация тилдердин тарыхый өнүгүү жолунда бир жалпы негизги булактан тараган материалдык жалпылыкты иликтөөгө багытталат. Тилдердик типологиялык классификациясы алардын грамматикалык түзүлүшүндөгү негизги типтерди аныктайт. 

Тилдердин морфологиялык классификациясы.[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тилдин грамматикалык түзүлүшүнө, андагы грамматикалык кайсы ыкмалар негизги мааниге ээ экендигине жараша тилдердин грамматикалык типтери аныкталат. Грамматиканын аныктоочу бөлүмү морфология болгондуктан, андагы типтерди көрсөтүүдө морфологиялык принцип негизги болуп саналат. Тилдерди мындай бөлүштүрүү кеңири таралган ыкма катары белгилүү. Тилдердин морфологиялык каассификациясы сөздүн курулушундагы, жасалышындагы уңгу менен мүчөнү карама-каршы коюуга негизделген. Морфологиклык негизде тилдер үч топко бөлүнөт:

  1. Аморфтуу; 
  2. Агллютинативдүү; 
  3. Флективдүү тилдер

Аморфтуу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Аморфтуу тилдердин өзгөчөлүгү сөз өзгөртүү системасынын жоктугунда. Сөздөрдүн ортосундагы мамиле, байланыштар сүйлөмдөгү сөздөрдүн орун тартиби аркылуу аныкталат. Бул типтеги тилдердеги сөз уңгуга же уңгу жана сөз мүчөлөрүнүн тизмектешүүсүнөн жаралган бүтүндүккө окшош болот.   Грамматикалык маанини туюндурган сөз өзгөртүүчү мүчөлөрдүн жоктугунан, аморфтуу тилдерде сөз түркүмдөрүнө бөлүштүрүлбөйт. Бирок азыркы кездеги тилдердин ичинен аморфтуу тилдерге толугу менен тиешелүү болгон тилдер жок.  Азыркы кытай тилиндеги бардык эле сөздөр уңгуга төп, дал келе бербейт. Айрым сөздөр сөз өзгөртүүчү мүчөлөр сыяктуу колдонулуп, сөздөрдүн байланышын көрсөтүп, мүчөлөрдүн кызматына жакын милдеттерди аткарып калышкан. Мындай типтеги тилдерди окумуштуулар сүйлөмдөгү сөздөр бири- бирине көзкаранды болбогондугунан, алар бири - биринен бөлүнүп, изоляцияланып тургандыгынан улам, "изоляцияланган тилдер" деп аташат.

Агглютинативдүү тилдер.[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Агглютинациялык  тилдерге түрк тилдери, монгол тилдери кирет. Бул типтеги тилдердии башка тилдерден айырмасы - аларда сөз өзгөртүүчү да, сөз жасоочу да мүчөлөр болот. Агглютинативдик тилдерди флективдүү тилдерден айырмалап турган негизги өзгөчөлүк уңгу менен мүчөнүн ортосундагы байланыштын спецификалык мүнөэгө ээ экендигинде. 

Флективдүү тилдер.[түзөтүү | булагын түзөтүү]

"Флектив" деген термин латын тилиндеги fleksio-"өзгөрүү" сыяктуу маанилерди билдирет. Флективдүү тилдер морфологиялык үчүнчү типти түзөт. Бул типгеги тилдерге славян, роман, балтика ж.б. тилдер кирет. 

агглютинативдүү тилдерге карама-каршы коюлган. Флективдүү тилдердеги морфемалардын структуралык өз алдынчалуулугу анча кеңири эмес жана уңгу кыйла өзгөрүүлөргө учурай берет. Мындай өзгөрүүлөр фонетикалык процесстерге гана байланыштуу болбостон, ички флексия катары кызмат кылуучу тарыхый кезмектешүүлөргө да байланыштуу болот, б.а., уңгу сөздөрдөгү тыбыштардын өзгөрүүсү, өзгөрүп алмашуусу өзүнчө грамматикалык мааниге ээ болот. Уңгу сөздөгү бул сыяктуу тыбыштык өзгөрүү тышкы флексиядан айырмаланган ички флексия же сөз негизинин флексиясы деп аталат.

айырмасы бир эле мүчө бир нече грамматикалык маанини билдире алат. Ошол эле учурда флективдүү тилдерде бир эле маанини бир нече мүчөлөр аркылуу билдирүүгө болот.  Флективдүү тилдер жөндөлүштүн жана жакталыштын бир нече типтерине ээ болушат.

сөз менен морфемалардын ортосундагы байланыш ушунчалык тыгыз болгондуктан, айрым учурда морфемалардын чегин ажыратуу кыйындыкка турат. Морфемалардын  бул  сыяктуу  биригип кетиши-“фузия” деп аталат.

агглютинативдүү тилдерден айырмаланып флективдүү тилдерде мүчөлөр уңгуга бир эле мезгилде мурун да, уңгудан кийии да жалгана берет. 

Бүгүнкү күндөгү морфологиялык классификация тилдердин төмөнкү группаларын же типтерин бөлүп карайт.[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1. Уңгу же аморфтук тилдер.

Бул тилдердин сөздүгү, негизинен, бир муундуу сөздөрдөн же муундардан турат. Сөздөргө уланган аффикстер же мүчөлөрү болбойт. Бул  тилде  сөздүн  уңгусу  эч  убакта өзгөрүлбөйт, жөндөлбөйт. Алардын грамматикалык, лексикалык маанилери сөздөрдүн орун тартиби жана көптөгөн жардамчы сөздөрдүн, басым менен интонациянын катышы аркылуу берилет жана сөздүн мааниси аныкталат.

2. Агглютинативдүү  тилдерде сөздөрдүн уңгусу туруктуу болуп, аларга түрдүү маанидеги аффикстер жалганышы мүмкүн. Уңгуга уланып же жалганып отурган аффикстердин ар биринин өзүнчө грамматикалык формасы жана ага ылайык мааниси болот, бирок уңгудагы негизги маани өзгөрбөйт. 

3. Флективдүү тилдерде  уңгунун составындагы айрым тыбыштык орун алмашуулар грамматикалык жаңы маанилердин келип чыгышына алып келет 

Азыркы күндө жер шаарында 2500 дөн тартып 5000 ге чейин (айрым маалыматтарда андан да көп) тил бар деп эсептешет. Дүйнөдөгү тилдердин так санын эсептеп чыгуу дээрлик мүмкүн эмес.