Тилдик контакт

Википедия дан

Тилдик контакт – эки же андан ашык тилдердин жакындашуусунун негизинде бири-бирине таасир этиши. Тилдик контакт тилдин жалпы структурасына таасир тийгизүүсү мүмкүндүк Ар кайсы тилде сүйлөгөн этникалык топтордун өз-ара карым-катыш (экономикалык-саясий, маданий, чарбачылык ж. б.) түзүшү Тилдик контакт түзүлүшүнүн социалдык шарты болуп саналат. Тилдик контакт элдердин дайыма тынымсыз сүйлөшүп туруусунан улам түзүлөт. Ошентип, Тилдик контакт тилдердин сөздүк курамына көп өзгөртүүлөрдү, б. а. калька жолу менен тилдик бирдиктер бир тилден экинчи тилге которулуп кабыл алына берет. Кээде сүйлөшүүдө эки тил тең бирдей колдонулуп, көпчүлүк учурда бир тил өзгөчө абалга ээ болот да, экинчи тилге үстөмдүк кылат. Ошентип, басымдуулук кылган тил барабара таасири азайган тилди пикирлешүү чөйрөсүнөн сүрүп чыгара баштайт. Буга ар кандай тарыхый шарттар, саясий-идеологиялык факторлор да себепчи болот. Мисалы, Совет доорунда идеол. шартка жараша Кыргызстандагы башкарууда, иш кагаздарын, илимий-изилдөө иштерин жүргүзүүдө көбүнчө орус тили басымдуулук кылган. Ошондуктан, ар бир улут өз эне тилин сактап калууда жана аны өнүктүрүүдө тилге өзгөчө мамиле жасоосу керек.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]