Тилдик оппозиция

Википедия дан

Тилдик оппозиция – тилди карама-каршы элементтердин системасы катары караган структура-функциялык концепциянын негизги түшүнүктөрүнүн бири. Тилдик оппозиция семиологиялык милдет аткара алчу тилдик эки (же андан көп) окшош бирдиктин айырмасы катары каралат. Мисалы, кыргыз тилиндеги «б» жана «т» фонемаларынын ортосундагы фонологиялык оппозиция мындай: «баш» жана «таш» деген сөздөр бири-биринен айтылышы жагынан гана эмес, мааниси боюнча да айырмалуу же «жекелик сан» менен «көптүк сандын» ортосундагы семантикалык оппозиция «китеп» жана «китептер» сыяктуу сөздөр мазмун жана форма жагынан да айырмалангандыгынан байкалат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]