Тилдик система

Википедия дан

Тилдик система – 1) белгилүү бир тил түзүлүшүнүн (фонологиялык, морфологиялык, синтаксистик ж. б.) өз ара биримдиги жана карым-катыштуу бирдиктердин жыйындысы; тил бирдиктеринин тобу, ошондой эле алардын түзүлүү, өзгөрүү жана айкашуу эрежелери, б. а. тилдин фонологиялык, морфологиялык, сөз өзгөртүү, синтаксистик, лексикалык, семантикалык системасы. Tap маанисинде жөндөмө жана жак, этиш жана атооч, түр жана чак д. у. с. системалар. Тилди алгач система катары караган Ф. де Соссюр болгон. Ал кийин В. Гумбольдт, И. А. Бодуэн де Куртенэ ж. б. тарабынан өрчүтүлгөн. Тилдик система тилдин негизги бирдиктерин камтыган эрежелердин системасы катары архаизм, жаргон, диалект өңдүү көрүнүштөргө, ошондой эле грамматикалык системалардын ядросуна ажырайт. Тил кээде системалардын системасы катары да каралат; 2) тил курулушундагы оппозициялардын жыйындысы. Фонологиялык фактылар Тилдик системада тилдин дифференциациялык белгилери, морфологиялык, синтаксистик, лексика-семантикалык фактылар кыйла татаал метатилдер аркылуу сыпатталат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]