Тилдин сөздүк курамы

Википедия дан

Тилдин сөздүк курамы – бир тилде колдонулган бардык сөздөр (лексика). Ал неологизм, диалектилик лексика, жаргон, терминология ж. б. да өзүнө камтыйт. Тилдин сөздүк курамынын көлөмү менен курамы ал тилде сүйлөгөн элдин коомдук, чарбалык жана маданий турмушунун мүнөзүнө жана өнүгүү денгээлине жараша болот. Тилдин сөздүк курамы дайыма колдонулуучу сөздөр - активдүү сөздүк запас (активдүү сөздүк) жана чанда же атайын максатта колдонулуучу сөздөр (архаизмдер, неологизмдер, терминология ж. б.)-пассивдүү сөздүк запас (пассивдүү сөздүк) болуп бөлүнөт. Булардын чеги туруктуу эмес, тилдин өнүгүү тарыхында алар биринен экинчисине өтүп турат. Коомдун өнүгүшү менен Тилдин сөздүк курамы тилдин ички мүмкүнчүлүктөрү аркылуу жана башка тилдердин эсебинен тынымсыз толуктала берет. Кыргыз тилинин сөздүк курамында араб, иран жана орус тилинен кирген сөздөр көп кездешет. Башка тилден кабыл алынган сөздөр элдердин тарыхый-маданий, экономикалык байланышын чагылдырып турат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]