Тилегенов Бактыбек Сабырович

Википедия дан

Тилегенов Бактыбек Сабырович (22. 6. 1960-жылы туулган, Нарын облусу, Жумгал району, Доскулу айылы) – дирижёр, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти (1992), Кыргыз Республикасынын эл артисти (2004), 1970-75-жылдары М. Абдраев атындагы республикалык музыкалык интернатта окуган. 1979-ж. М. Күрөңкөев атындагы музыкалык окуу жайын, 1984-ж. Б. Бейшеналиева атындагы КМИИни1997-ж. Кыргыз мамлекеттик консерваториясын бүтүргөн. 1979–92-жылдары Кыргыз телерадио комитетинин симфониялык оркестринде, Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрында (1997) солист, дирижёр, ошондой эле учурда 1993-жылдан К. Молдобасанов атындагы Кыргыз мамлекеттик консерваториянын профессору (2010). «Саманчы жолу», «Маңкурт»; М. Раухвергер, «Чолпон»; В. Власов, «Асел», П. Чайковский, «Ак куу көлү», «Щелкунчик», «Иоланта»; Ж. Верди «Аида», «Трубадур» ж. б. көптөгөн операларга жана балеттерге дирижёрлук кылган. 2001–05-жылдары К. Орозов атындагы академиялык эл аспаптар оркестринин көркөм жетекчиси жана башкы дирижёру, 2005–09-жылдары Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында дирижёр, 2009-жылдан Бишкек шаардык мэриясынын алдындагы эл аспаптар оркестринин көркөм жетекчи жана Башкы дирижёру. Оркестр үчүн Й. Брамс, Й. Штраус, П. Чайковский, М. Бегалиев ж. б. композиторлордун чыгармаларын иштеп чыккан. Ташкентте өткөн эл аралык фестивалда оркестрдин мыкты дирижёру деп бааланган. Россия, Тажикистан, Казакстан мамлекеттеринде өткөн Кыргызстандын маданият күндөрүндө кошкон салымы чоң. Республикалык жана эл аралык конкурстардын лауреаты. Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн мамлекеттик жаштар сыйлыгынын ээси (2000). «Түрксой» уюмунун 20 жылдык мааракесинде түрк тилдүү мамлекеттердин ичинен дирижёрлордун мыктысы болуп табылган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]