Тили аялуу балдар мектеби

Википедия дан

Тили аялуу балдар мектеби – угуусу жана интеллекти нормалдуу, бирок сүйлөй алуу жөндөмүндөгү кемчилдиктен жапа чеккен балдар үчүн ачылган атайын окуу-тарбия мекемеси (атайын мектептер, жатак мектептер, узартылган күндүү мектептер).
Мындай мектептер экиге бөлүнөт:
1) дудук, тантык, келегей жана башка тилинде кемчилиги бар балдар 11 жыл окуп, толук эмес орто билимге ээ болот;
2) өтө кекечтенип сүйлөгөн балдар мектеби.
Бул мектептин балдары сүйлөй алуу жөндөмүндөгү кем-өксүктөрдөн арылгандан соң жалпы мектепке которулат. Балдардын сүйлөй алуу жөндөмүндөгү кем-өксүктөрдөн арылтуу, түзөтүү аларды кадыресе сүйлөө, окуу жана жазууга үйрөтүү мектептин бүткүл окуу-тарбия ишинин мазмунун түзөт.
Мектепте балдардын дене тарбиясына жана алардын ден соолуктарын чыңдоого өзгөчө көңүл бурулуп, балдар психоневролог жана оторинолоринголог сыяктуу дарыгерлердин такай көзөмөлүндө болот. Мектеп балдарга жалпы билим берүү менен катар эле кесиптик даярдыкка ээ кылат.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргыз педагогикасы (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004.