Тиллиттер

Википедия дан

Тиллиттер (англисче tillite – чополуу кой таш) – тоо тектердин иргелбеген талкаландыларынан өтө ныкталып, кээде метаморфизмделген ири кесекчелүү байыркы морена. Тиллиттер – антропогенге чейинки муз каптоолордо пайда болгон. Тиллиттер муз менен жышылган, чиймеленген ар түрдүү өлчөмдөгү кой таштары бар «мөңгү уну» деп аталган майда топурактын массаларынан түзүлөт. Тиллиттер деңиздик жана континенттик болуп ажыратылат. Деңиздик Тиллиттер жылып түшкөн мөңгү арасындагы тоо тек сыныктарынын деңиз түбүнө чөгүүсүнөн пайда болот. Континенттик Тиллиттер мөңгү жаткан же жылган аралыктагы тоо тектердин курамына жараша түзүлөт. Тиллиттер бардык континентте пермь, протерозой чөкмөлөрүндө (Түштүк Африка, Түндүк Америка жана Россияда) кенири таралган. Соңку протерозойдон бери белгилүү. Тиллиттер стратиграфиянын, палеогеографиянын маселелерин чечүүдө, чөкмө кен байлыктарды (темир) прогноздоодо пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]