Тилсымат
Тилсымат, Тилсым (арабча сыйкыр, арып, дуба, арбоо, адам баргыс, адам тийгис) эпосто да арабча маанисине жакын колдонулат. "Акунбешим баашанын Адам уулун жүргүзбөс Тилсымат койгон жериби" (Сагымбай Орозбаков, 2. 110). "Чек арага чеп кылып, Тилсим койгон жери бар" (Курама вариант, "Семетей", 245). ТМВда бул сөз бир орундан экинчи орунга кабар жеткирүүчү нерсени билдирет. Чоң казаттагы Алмамбет менен Сыргактын чалгыны бардык варианттарда бар. Негизги варианттарда (Сагымбай Орозбаковдун варианты, Саякбай Каралаевдин варианты варианты) келаткан душман жөнүндөгү кабарды Коңурбайга куу өрдөк жеткирет. Ал эми ТМВда кароолдо турган куш, жаныбарлар кабарды тилсым менен билдиришет. Мисалы, Коңурбай алты миң устага тилсым капкан жасаттырып, жолго коюп коёт. Ал капкан душмандын келатканын Т. аркылуу Бээжинге жеткирет. "Асылы жин Куу өрдөк Кан Коңурдун тилчиси. Сым менен кабар берчүсү" (ТМВ, Кол жазмалар фондусу, 1071-инв., 416-б.). Демек, мында Т. телефон деген сөздүн синоними катары колдонулуп жатат. Аны манасчынын кийинки кездеги илим менен техниканын жаңылыктарын эпоско киргизүүгө болгон аракети катары түшүнүүгө болот.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4