Тил илиминдеги логикалык багыт

Википедия дан

Тил илиминдеги логикалык багыт – тил менен ой жүгүртүүнүн, тилдин жана философиянын байланышын негиздеген илимий агымдардын, өзүнчө концепциялардын жыйындысы. Буга төмөнкүлөр мүнөздүү; 1) гносеология маселесин иликтөө; 2) улутгук өзгөчөлүктөргө карабай тилдеги универсалдуу белги, касиеттерди табууга аракеттенүү; 3) реалдуу ар кандай тилдик формаларга карабастан, тилге анализ жүргүзүүнүн бирдиктүү, универсалдуу принциптерин иштеп чыгуу; 4) синтаксистик маселелерди (сүйлөмдүн теориясын) жана семантиканы өзгөчө изилдөө ж. б.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]