Мазмунга өтүү

Тил кат

Википедия дан

Тил кат — кандайдыр бир нерсени (аткаруу милдеттенмеси, күбөлүк, лицензия, техника коопсуздугу боюнча нускама, чакыртма) алгандыгын күбөлөндүрүүчү бир жактуу кол коюлган документ. Укукта жазма далилдин бир түрү болуп саналат.

Айрым учурларда келишим түзүлгөндүгүнүн күбөсү болуп саналат. Мисалы, карыз алуучунун жазуу жүзүндөгү тил каты, болбосо карыз берүүчүнүн белгилүү бир өлчөмдөгү акчаны же кандайдыр бир сандагы буюмду бергендигин күбөлөндүргөн документ болгондо гана зайым келишими түзүлгөн катары таанылат.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7