Тил топтору
Тил топтору – бир тил уясындагы жалпы белгилери окшош бир нече тилдин жыйындысы. Мисалы, түркмөн, азербайжан, түрк, карайым, татарлардын тилдери – түрк тилдеринин батыш тобун; орус, украин, белорус тилдери - чыгыш славян тилдеринин тобун түзөт. Тил илиминде Тил топторунун андан ары ажырашына, б. а. өтө жакын тектеш тилдерге карата «тилдердин топчосу» термини да колдонулат.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117 -9