Тимирязев Климентий Аркадьевич

Википедия дан

Тимирязев Климентий Аркадьевич [(22. 5(3.6). 1843, Санкт-Петербург – 28. 4. 1920, Москва)] – табият тануучу, дарвинчи, өсүмдүк физиологдорунун орус мектебин түзүүчү, илим менен турмушка материалисттик идеяны таратуучу, демократ. Петербург Илимдер Академиясынын (ИА) [1917-жылдан Россия ИА корреспондент мүчөсү (1890)]. А. Тимирязев Лондон королдук коомунун, Эдинбург жана Манчестер ботаника коомунун мүчөсү, Кембриж, Глазго жана Женева университеттеринин ардактуу доктору. Петербург университетинин табият таануу бөлүмүн бүтүргөн (1865). 1868–70-жылдары Германияда, андан кийин Францияда илимий изилдөө иштерин жүргүзгөн. 1869-жылдан Петр дыйканчылык жана токой чарба академиясында (азыркы К. А. Тимирязев атындагы айыл-чарба академиясы) ботаника боюнча окутуучу болгон. 1872-ж. Москва университетинде окутуучу, 1877-ж. экстраординардык профессору болуп шайланган. 1892–1917-ж. окутуучулук кызматтан четтетилип, 1917-ж. гана Москва университетине кайра алынган. А. Тимирязев – азыркы фотосинтез теориясына негиз салуучулардын бири. Өзүнүн экспериментттик изилдөөлөрүндө фотосинтез процессинин негизин энергиянын сакталуу закону түзөрүн далилдеген; өсүмдүк фотосинтезинде хлорофиллдин активдүү ролун баса көрсөткөн. А. Тимирязевдин өсүмдүк физиологиясынын башкы маселелерине арналган теориялык изидөөлөрү да зор мааниге ээ. А. Тимирязев дыйканчылыктын негизин өсүмдүк физиологиясы түзөрүн баса белгилеп, аны өсүмдүк өстүрүүдөгү практикалык маселелер менен бирдикте кароо зарылдыгын көрсөткөн. Анын бул илимий көз карашы И. М. Сеченов, И. Т. Мечников, Д. И. Менделеев, A. М. Бутплеров ж. б. окумуштуулардын таасири астында калыптанган. А. Тимирязевдин дүйнөгө карата көз карашынын негизин Ч. Дарвиндинэвол. окуусу түзгөн. Москвада А. Тимирязевдин мемориалдык музей-үйү уюштурулган, Москва айыл-чарба академиясы, СССР ИАнын Өсүмдүк физиологиясы институту анын ысымында; өсүмдүк физиологиясы боюнча мыкты изилдөөлөр үчүн жыл сайын берилүүчү К. А. Тимирязев атындагы алтын медаль белгиленген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]